Казакстанга чет элден келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү

Казакстанга чет элден келген инвестициялардын көлөмү көбөйдү

Өткөн жылы өлкөгө 23 миллиард доллардан ашык түз чет элдик инвестиция тартылган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 38 пайызга көп. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ата мекендик экономикага инфузия көлөмү боюнча лидерликти Нидерланды, АКШ, Швейцария, Орусия жана Кытай ээлейт. Экинчи бештикке Бельгия, Улуу Британия, Корея, Түркия жана Франция кирет. Чет элдик инвесторлор негизинен айыл-чарбасына, кесиптик, илимий-техникалык чөйрөгө, маалымат жана байланышка, ошондой эле электр менен камсыздоого инвестиция салышат. Муну менен катар, кайра иштетүү өнөр жайына инвестициянын көлөмү да бир топ өскөнү байкалды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков