«Байконур» космодромунда
болуу - көптөгөн казакстандыктардын жана чет элдиктердин кыялы. Эми ал ишке
ашышы мүмкүн. Адамзат космоско чыккан жер жакынкы келечекте анын тарыхы жөнүндө
көбүрөөк билгиси келген конокторду кабыл ала алат. Аларды тартуу үчүн биздин
өлкөдө атайын концепция иштелип чыгууда. Ал учуруулар аралык мезгилде туристтик
экосистеманы өнүктүрүүгө багытталган. Бул легендарлуу комплексте үзгүлтүксүз
экскурсиялар өткөрүлөт дегенди билдирет. Турлар маданий, билим берүү, илимий
жана өнөр жай багытында болот. Ошондой эле «Kazakh
Tourism» «Байконур» брендинин
таанымалдыгын жогорулатат. Улуттук компания туруктуу
туристтик агым инфраструктураны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга
мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Даниел Сержан уулу, «Kazakh Tourism» УК башкарма төрагасынын милдетин
аткаруучу:
- Негизги максат, албетте, туристтердин санын болжол менен 3-4 эсеге көбөйтүү. Анткени учурдагы эсептөөлөр боюнча космодромго жылына 10 миңге жакын турист келет. Бул негизинен, ракета учурулган мезгилде. Биз болсо туризмди ракета учуруулардын ортосундагы мезгилде өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Анткени биз жылына 10-12 учуруу болушу мүмкүн деп ойлойбуз. Калган убакта инфраструктура, анын ичинде туристтик инфраструктура бош туруп калат. Туризмди туруктуураак өнүктүрүү жана бир калыптагы агымды камсыз кылуу үчүн маданий маршруттарды, мектептик маршруттарды, тагыраак айтканда, туристтерге бул тарыхый мурас менен таанышууга мүмкүндүк берген комплекстүү программаларды иштеп жатабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

