Казакстанда жакынкы 6 жылда 15 миллиард долларга жакын мунай-газ долбоорлору ишке кирет. Ошол эле учурда, мунай жана газ өндүрүшүнүн көлөмү 5 эсеге, тактап айтканда, 1,8 миллион тоннага чейин көбөйөт. Өлкөнүн Энергетика министрлиги 2024-2030-жылдарга карата мунай газ-химия өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Жол картасын иштеп чыгып, бекитти. Документте олуттуу инвестицияларды тартуу менен учурдагы жана жаңы долбоорлорду зарыл чийки зат менен камсыз кылуу каралган. Ошондой эле, өнүм чыгарууга чейинки бардык кадамдар да камтылган. Мындан тышкары, программанын алкагында Атырау облусунда «улуттук индустриалдык мунай-химиялык технопарк» атайын экономикалык зонасынын аймагында бардык зарыл инфраструктураны куруу пландалууда. Жол картасынын акыркы натыйжасы өлкөнүн ички рыногун камсыз кылууга, илимий базаны, адамдык капиталды, техникалык жана ченемдик документтерди жакшыртууга багытталган.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков