Казакстан өткөн жылы 20 миллиард доллардан ашык инвестиция тартты. Өлкө экономикага капиталдын агымын мындан ары да көбөйтүүнү көздөөдө. Аны көбөйтүү боюнча чараларды Премьер-министр Дүйнөлүк банктын серепчилери менен жолугушууда талкуулады. Олжас Бектенов Президент экономиканы диверсификациялоо темпин жогорулатууга жана ишкердик климатты мындан ары жакшыртууга артыкчылыктуу көңүл бурарын белгиледи. Ал эл аралык каржы институтунун өкүлдөрүнө Казакстанда инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнүн бүтүн архитектурасы курулганын маалымдады: чет өлкөдөн капитал тартуу үчүн тышкы контурду күчөтүүдөн тартып, инвесторлордун укуктарын коргоо менен өлкө ичинде долбоорлорду коштоонун натыйжалуулугун жогорулатууга чейин. Мындан тышкары, бизнес жаатында шарттарды түзүү үчүн атайын «Алтын виза» киргизилген. Өз кезегинде жолугушуунун катышуучулары дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен чет элдик инвестициялардын агымын көбөйтүү боюнча сунуштарды айтышты. Сөз эмгек өндүрүмдүүлүгүнө инновацияларды киргизүү, натыйжалуулукту жогорулатуу, инвестициялык долбоорлорго жеке капиталды тартуу механизмдерин киргизүү жөнүндө болду. Жолугушуунун жүрүшүндө стратегиялык маселелер – кирешеси жогору экономикага өтүү, инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү жана жасалма интеллект боюнча пикир алмашуу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

