ЕБ өлкөлөрү Казакстанга 5,2 миллиард доллар инвестиция салды

ЕБ өлкөлөрү Казакстанга 5,2 миллиард доллар инвестиция салды

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Казакстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү 34 миллиард доллардан ашты. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Биримдик өлкөлөрү өлкө экономикасына 5 миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Жалпысынан Европадан келген инвестициянын көлөмү 2005-жылдан бери 175 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов «Казакстан-Евробиримдик» диалог платформасынын 13-жыйынында билдирди. Өкмөт башчысынын айтымында, бул көрсөткүчтөр эки тараптын соода-экономикалык алакаларды арттырууга багытталган ишинин натыйжасы. Казакстан европалык компаниялар менен биргеликте инвестициялык долбоорлордун тизмесин арттырып келүүдө. Алардын ичинен атап өтө турган болсок, Маңгыстау облусунда «жашыл» суутек өндүрүшү, күчү 1 ГВт шамал паркы, гипсокартон чыгарган завод жана ири транспорттук ишкана. Алихан Смаиловдун айтымында, Өкмөттүн негизги милдети бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө тараптар өлкөнүн салык жана бажы системаларын жаңылоо, фармацевтика, геологиялык чалгындоо, агрардык өнөр жайды өнүктүрүү жана бизнести колдоо маселелерин талкуулашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков