Казакстанда быйыл жүгөрүнү терең кайра иштетүүчү натрий глутаматын өндүрүү заводун жана буудайды терең кайра иштетүү комплексин курууну баштоо пландалууда. Маалыматка ылайык, 350 жана 650 миллион долларлык эки долбоорду Кытайдын эки ири агроөнөр жай компаниясы ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттө президенттин өлкө экономикасына инвестиция тартуу боюнча тапшырмаларынын аткарылышын кароо боюнча жыйында белгилүү болду. Жалпысынан учурда экономиканын негизги тармактарын камтыган 20 стратегиялык долбоор аныкталды, алардын жалпы баасы 12 млрд теңге. Бүгүнкү күндө улуттук санариптик инвестициялык платформада 1200 долбоор боюнча маалыматтар бар. Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкө аймагында 230 долбоор ишке киргизилген, анын баасы 1,8 трлн теңге. Инфестициялык штаб ата мекендик экономикага каражат салган ишкер жарандардын 100дөн ашык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөттү.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Президент Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында инвестицияларды тартуу мекемелер аралык ыкчам координациялоону, ашыкча бюрократиядан арылууну талап кылган маанилүү иш экенин белгиледи. Мамлекеттик органдар, өзгөчө акимиаттар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн "түздөн-түз" көзөмөлдөшү керек. Акимдер жана министрлер күн сайын инвестиция тартуу менен алектенип, инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечүү – бүгүнкү күндүн башкы зарыл милдети.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

