Казакстанда 1 миллиарддык жеке инвестиция тартуу үчүн Фонд түзүлөт. Ал республикага өлкөнүн венчурдук рыногун өнүктүрүүнүн жаңы этабына чыгууга жана инвестициялардын, технологиялардын эл аралык экосистемасына интеграциялоого мүмкүндүк берет. Ал эл аралык капитал рыногундагы негизги оюнчулар менен кызматташып, өлкөгө чет элдик бизнести тартып, стартап экосистемаларын өнүктүрөт. Фонддун милдеттерин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов венчурдук каржылоо жаатындагы алдыңкы серепчилер, ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен талкуулады. Капиталдын негизги агымы жасалма интеллектти, санариптик саламаттыкты сактоону жана башка технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө багытталат. Фонддун баштапкы капиталын түзүү үчүн казакстандык ири бизнес өкүлдөрүнөн 100 млн доллардан ашык билдирмелер чогултулган. Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда өлкөдө венчурдук капиталдын көлөмү 6 эсеге өсүп, 80 миллион долларга жетти. Бүгүнкү күндө Казакстан Борбор Азияда алдыңкы позицияны ээлеп, аймактагы бардык венчурдук операциялардын 70%дан ашыгын камсыздайт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

