Казакстанга АКШ Президентинин атайын өкүлдөрү келишти

Казакстанга АКШ Президентинин атайын өкүлдөрү келишти

Казакстандын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлүн жана АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басарын кабыл алды. Жолугушууда Вашингтондо өтө турган С5+1 саммитинин алдында казак-америка кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Касым-Жомарт Токаев жогорку деңгээлдеги жолугушуу узак мөөнөттүү кызматташтыктын башкы багыттарын аныктоо жагынан натыйжалуу болоруна ишеним билдирди. Казакстан Америка менен соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүккө жаңы дем берүүгө кызыкдар. Энергетика, өтө маанилүү минералдар, санариптештирүү, транспорт жана логистика тармактарындагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүгү зор. Мамлекет башчысы глобалдык процесстердеги Борбордук Азиянын ролу артып баратканына токтолду. Өз кезегинде Серджио Гор менен Кристофер Ландау АКШнын тышкы саясатындагы аймактын стратегиялык маанисин ырасташты. Мындан тышкары, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге көңүл бурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков