Казакстанда «Адилет» деген жаңы саясий партия катталды

Казакстанда «Адилет» деген жаңы саясий партия катталды

Казакстанда жаңы саясий партия пайда болду. «Адилет» өлкөнүн юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өттү. Саясий бирикмеде шахтачылар, мунай жана тоо-кен металлургия тармактарынын кызматкерлери, мугалимдер, окумуштуулар, спортчулар, ишкерлер, юристтер жана коомдук ишмерлер бар. «Адилет» партиясынын негизги максаты – мыйзамдуулук, мамлекет менен коомдун ортосундагы ачык диалог принциптерине негизделген адилеттүү коомду курууга көмөктөшүү, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандыруу.

Айбек Дадебай, «Адилет» партиясынын төрагасы:

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин демилгеси менен ишке ашырылган реформалардын аркасында өлкөнүн саясий системасы ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп калды. Жарандардын коомдук-саясий турмушка катышуусу кеңейип, алардын жарандык ролу бекемделди. «Адилет» партиясынын түзүлүшү бул оң өзгөрүүлөрдүн чагылдырылышы болду.

Партиянын артыкчылыктарынын катарында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укук тартибин жакшыртуу, аймактарды колдоо, санариптештирүүнү жана адам капиталын өнүктүрүү бар. Жакын арада аймактардагы иштер күчөтүлүп, уюмдун курамын түзүү улантылат.

Которгон: Назира Бегалиева