Казакстанга Орусиянын президенти келет

Казакстанга Орусиянын президенти келет

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен жетинин айынын 9да расмий сапар менен Астанага келет. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрү пландалууда. Алар казак-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары, президенттер видеоконференция аркылуу Казакстан менен Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташтыгынын XIX форумуна катышат. Иш-чара Костанай шаарында өтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков