Казакстан президенти EURONEWS директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

Казакстан президенти EURONEWS директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Euronews мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Педро Варгас Давидди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан менен көптөгөн тилдерде уктуруучу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Президенттин пикиринде, өлкөдө Euronews аймактык хабынын ачылышы дүйнө жүзүндөгү көрүүчүлөрдү Казакстандын гана эмес, Борбордук Азиянын экономикалык, маданий жана туристтик дарамети менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, медиа аянтча аймактагы мамлекеттер менен Евросоюздун ортосундагы диалогду жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле Euronews республикада казакстандык журналисттерди заманбап технологиялар жана эл аралык стандарттарга окутуу Академиясын ачууну мерчемдеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков