Казакстанда 5 чек ара соода түйүнү түзүлөт. Бул тууралуу тармактык министрдин орун басары билдирди. Тактап айтканда, Өзбекстан менен чек арага «Борбор Азия» өнөр жай кооперациясынын борбору, Кыргызстан менен чектеш жерге индустриалдык логистикалык комплекс курулат. Өлкөнүн батышында «Евразия» чек ара соода борбору жана «Каспий» контейнердик хабы, Жетису облусунда «Хоргос тарабы» чек ара хабы ишке кирет. Мунун баары ички экспорттук дараметти жогорулатууга багытталган дейт Кайрат Төребаев. Мындан тышкары, эл аралык транспорттун инфраструктурасы жаңыланат. Ага жараша өлкөнүн инвестициялык тартымдуулугу жогорулайт. Ошол эле учурда Казакстандын чийки эмес товар жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын 7 айында 14 миллиард доллардан, кызмат көрсөтүү экспорту 2 миллиард доллардан ашканын белгилей кетүү керек. Акыркысы өткөн мезгилге салыштырмалуу 17%га жакын өсүштү көрсөттү. Кытайга, Европа Биримдигине жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө ата мекендик өнүмдү жеткирүүнүн олуттуу өсүшү байкалды.
Кайрат Төребаев,
Соода
жана интеграция вице-министри:
-Экспорттоочуларга
каржылык жана финансылык эмес колдоо көрсөтүү чараларын сунуштоо боюнча иштер
улантылууда. Бүгүнкү күндө 100дөн ашык компания көчмө соода эл аралык
иш-чараларына катышты. Бул 7 өлкөдө соода өкүлчүлүктөрү, Кытайдагы эл аралык
көргөзмө. Биринчи жарым жылдыкта мамлекеттик колдоонун натыйжасында 500 миллион
доллардан ашык суммага экспорттук келишимдер түзүлдү. Бул мамлекеттик колдоо
биздин министрликтин 20 механизминин бири экенин белгилегим келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.