Казакстандык археологдор буга чейин белгисиз болгон
уникалдуу байыркы курулуштарды аныкташты. Өлкөнүн түндүгүндө казуу иштерин
жүргүзгөн илимпоздор Ак Ирий шаарынан орто кылымдарга таандык дагы бир
эстеликти табышты. Тарыхчылардын айтымында, байыркы адамдар бул жерде металл ээритип,
этти сүрсүткөн.
Анатолий Плешаков, тарых илимдеринин кандидаты,
профессор:
-Түзүмдүн кайсы мезгилге таандык экени
белгисиз. Бирок табылган кыштарга
карап,
орто кылымдарга таандык деп болжолдоп
жатабыз. Ал кезде адамдар металл өндүрүү менен алектенип, этти ыштаганы айдан ачык көрүнүп турат. Башкача
айтканда, алар бул объектти ошол үчүн колдонушкан. Жеке мен Евразиянын
аймагында мындай структураларды көргөн эмесмин. Ошондуктан, бул эстеликтин жаңы түрү
деп айтууга болот.
1968-жылы
аныкталган Ак Ирий сак
доорунун Түндүк шаары коргонуу үчүн чеп
катары кызмат кылган. Ал бийик үч бурчтуу мүйүздүн үстүндө жайгашып, эки жагынан дарыянын аскалары менен курчалган
жана чеп менен бөлүнгөн. Бүгүнкү
күндө бул
жерде талаа лагеринде 50 миңге жакын студент илимий изилдөөлөр менен алектенишүүдө.
Жыл сайын экспедициянын жыйынтыгында эрте темир дооруна таандык байыркы
адамдардын уникалдуу конуштары тууралуу жаңы тарыхый маалыматтар ачылып келет.
Мейрамбек Сарсенбай, студент:
-Биринчиден, бул жерде маданий
катмарлар бар. Ар бир катмар эмне экенин билүү керек. Шпатель жана калем менен иштөөнү билүү зарыл. Кичинекей экспонаттар
жерден кантип чыгуу керектигин
билүү кажет. Тарых мугалими болуп окугандан кийин
сөзсүз тарыхчы болом. Бирок мен бул археологиялык эмгекке абдан кызыкчумун.
Адистер аныкталган структуралар мындан ары Евразия
мейкиндигинде табылбашы да мүмкүн деп эсептешет. Ошондуктан, сак дооруна
таандык байыркы эстеликтер археологиянын дагы бир тармагы болуп калышы толук
ыктымал.
Которгон: Илгиз Жамалбеков