Азыркы Казакстандын жерин биринчи жолу адамдар миллиондогон жылдар мурда мекендеген. Буга чейин бул факт 510 миң жыл мурун айтылган. Өткөндү изилдеп, тарыхты түгөлдөп жүргөн ата мекендик окумуштуулардын акыркы жаңылыктары менен толукталган Казакстандын археологиясы аттуу илимий басылма жарык көрдү. Фундаменталдык эмгек палеолит доорунан тартып орто кылымдын акырына чейинки мезгилди камтыйт. Ата мекендик тарыхнаамадагы айрым эстеликтердин мааниси көрсөтүлгөн. 6 бөлүмдөн турган 630 беттик китепте ар бир байыркы доордун булагы табигый маданияттын негизинде кеңири талдоого алынган. Жергиликтүү казуу иштери Евразия археологиясынын ажырагыс бир бөлүгү катары мүнөздөлгөн. Андыктан чет элдик окумуштуулар үчүн абдан кызыктуу боло турган басылма англис тилинде жарык көрдү. Авторлору — дүйнөлүк деңгээлдеги тармактын ардагерлери Карл Байпаков жана Жакен Таймагамбетов.
Жакен Таймагамбетов, тарых илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илим академиясынын академиги:
- Биринчи жолу 2007-жылы орус тилинде жарык көргөн. Андан кийин 2009-жылы казак тилинде чыкты. Азыр таш доору, өзгөчө орто кылымдардан баштап, кайрадан англис тилинде чыгып жатат. Мен чет өлкөдө көп болом. Чет элдиктер Казакстандын археологиясына абдан кызыгышат. Бирок эч жерден окуй албайбыз дешет. Анткени ал орусча же казакча гана жазылган. Ошондон улам эгемендүүлүктүн алдында ушундай китеп жазып, ал басылып чыгарылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков