Адистер буудай түшүмүнүн божомолун төмөндөттү

Адистер буудай түшүмүнүн божомолун төмөндөттү

Быйыл буудай түшүмү өлкө боюнча гектарынан орточо 8,8 центнерден ашпайт. Бул тууралуу «Казакстандын талаачылык бирлиги» билдирет. Бир ай мурда божомол 10 центнер деңгээлинде болчу. Бирлик төрагасы Виктор Аслановдун айтымында, жетилип калган буудайдын өсүмүнө жаан-чачын да таасир эте алган жок. Эгерде түшүм жыйноо мезгили жаанчыл болсо жакшы сапаттагы буудай күтүүгө болбойт, дейт адис. Жалпысынан ички рынокко сунуш өткөн жылга караганда жарым миллионго төмөндөп, 12 миллион 800 миң тоннаны түзүшү мүмкүн. Ички керектөө үчүн бул көлөмдүн жарымынан азы жетиштүү. Андыктан начар божомолдорго карабастан буудай экспортко чыгарылат.

Айта кетсек, быйыл Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн түшүм аз жыл болду. Чөлкөмдө азыктык буудайга суроо-талап жогору болгондуктан баасы өсүп жатат.

Виктор Асланов, Казакстандын талаачылык бирлигинин төрагасы:

- Азык-түлүк каатчылыгынын коркунучу жоктугуна көзүбүз жетти, Казакстан өзүн дан менен камсыздайт. Бирок тармактык бирликтин өкүлдөрү тобокелдикти төмөндөтүү зарыл деп эсептешет. Биз буудай экспортуна квота киргизүүнү сунуштайбыз. Дыйкандар чет өлкөгө сатыла турган көлөмдүн чегин өздөрү аныктагандай болушу керек. Бул экспортту көбөйтүү мүмкүндүгүнө ээ боло турган ун өндүрүүчүлөр үчүн дагы карт-бланш болот. Мындай сунуш эч кимдин укугун бузбайт жана эң башкысы коопсуздук камдыгын түзөт.