«Бейиш багындагы абал кандай?». Бул сөздүн өзү эле Казакстанда ачылган алгачкы алма музейине келүүчүлөрдү өзүнө тартып турат. Музей түзүү идеясы демилгечилерге 2016-жылы келген. Алар атактуу апорттун баасын сактап, Алматынын образын гүлдөгөн бакча шаары катары көрсөткүсү келген. Эми Алма музейинин келүүчүлөрү атайын сакталган архивдик фото-сүрөттөрдү көрүп, эски мегаполистин атмосферасы менен тааныша алышат. Музейден дүйнөдөгү эң атактуу Сиверс алма дарактары жөнүндө маалымат алып, анда коюлган экспонаттардын даамын татып көрүүгө болот.
Акмарал Асылбекова, Alma museum менеджери:
- Келүүчүлөр бул сорттун даамын татып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мында алманын 4 сорту бар. Алар «Даналык», «Максат», «Камила» жана «Заман» деп аталат.
Бул сортторду ата мекендик селекционерлер ийгиликтүү өстүрүшкөн. Казак жашылча-жемиш илимий изилдөө институтунун окумуштуулары алманын 100дөн ашык жаңы сортун өндүрүп гана тим болбостон, алардын генетикалык ресурстарын да сактай алышты. Алардын көбү тесттен өтүп, азыр фермада өндүрүлүүдө. Музей экспозициясы уникалдуу помологиялык бактын жаңы өнүмдөрү менен толукталып турат.
Светлана Алексеенко, Казак илимий-изилдөө жашылча-жемиш чарбачылыгы бөлүмүнүн илимий кызматкери:
- Биз помологиялык бакчада казакстандык селекциянын жаңы сортторун изилдөө жана аларды жашоого алып келүү иштерин улантып жатабыз. Биздин милдет - мөмө-жемиштердин үрөндөрүнүн гендик корун сактоо жана толуктоо. Биздин помологиялык бакчада маданият бар деп сыймыктануу менен айта алабыз. Көп жылдар бою биздин селекционерлер ар кандай сортторду иштеп чыгышты.
Белгилей кетсек, Алма музейи башка уюмдар менен бирге бул жемиш марафонун туруктуу түрдө өткөрүп турат. Бул жолу түшүмдү эки күн ичинде тогуздун айынын 16-17 күндөрү жыйнап алууга болот. Түшүм жыйноо Иссык багында мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков