Kazakhstan Fashion Week жумалыгы

Kazakhstan Fashion Week жумалыгы

Табигый жана жөнөкөйлүк. Бул Алматыда өтүп жаткан Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгынын негизги лейтмотиви. Бул жерде бир жума ичинде эң мыкты ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлер менен модельерлер өзүлөрүнүн табигый кездемелерден жасалган коллекциясын сунушташат.

Саят Досыбаев, Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгынын башкы продюсери:

- Ушул жуманын негизги лейтмотиви мурунку пандемия мезгилиндегидей эле жаратылышка кам көрүү жана кийимдерди аң-сезимдүү колдонуу. Пандемия гардеробуңузда көп көйнөктөрдүн кереги жок экендигин көрсөттү, жөн гана негиздери болсо гана. Көрүүчүлөрүбүзгө жана керектөөчүлөргө өздөрүнө гана эмес, курчаган айлана-чөйрөгө да аяр мамиле кылуу керектигин жеткирмейинче биз ушундай лейтмотивди бир нече убакытка чейин уланта беребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков