Сакен Сейфуллиндин 100 жылдыгына арналган колго токулган килем, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында немис офицери кийген булгаары чапан, уникалдуу фото-сүрөттөр жана ар кандай экспонаттар Жезказган шаарындагы тарыхый-археологиялык музейдин фондусун толуктады. Бардык экспонаттар өнөр жай аймагынын жашоочулары тарабынан «Тарыхта өз атыңды калтыр» акциясы алкагында белекке берилген. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөдө уникалдуу буюмдар коюлду. Белгилей кетсек, учурда музейде 50 миңден ашуун экспонат бар. Анын тең жарымы ушундай иш-чаралар учурунда чогултулган.
Загира Калменова, Жезказган тарыхый-археологиялык музей башчысынын орун басары:
Бул пальто суурдун аңтерисинен жасалган, колго тигилген. Жакасы каракөлчөдөн. А бул пальто академик, профессор, энциклопедиянын башкы редактору Каратаевдики. Муну музейге анын тууганы тапшырган. Бул эксклюзивдүү экспонат.
Колканат Ескендирова, Жезказган тарыхый-археологиялык музейинин илимий кызматкери:
Биздин музейге өткөрүлүп берилген 80 экспонаттын ону баалуу жана сейрек кездешүүчү болуп саналат. Алардын арасында чөлкөм таануучу, музейдин алгачкы мүдүрү Сүтемген Букировго таандык экспонаттар бар. Өзү колдонгон буюмдар, баш кийим, аны менен катар, иш бөлмөсүндөгү статуэткалар, баалуу жазмалар жана сүрөттөр өткөрүлүп берилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков