Сенат мыйзамсыз жол менен алынган активдерди мамлекетке кайтаруу мыйзамын кабыл алды

Сенат мыйзамсыз жол менен алынган активдерди мамлекетке кайтаруу мыйзамын кабыл алды

Анын алкагында Башкы прокуратуранын түзүмүндө бул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдын функцияларын аткарган өзүнчө бөлүм түзүлөт. Ошондой эле чет өлкөлөрдө кеңири колдонулган жарандык активдерди конфискациялоонун жаңы институту киргизилди. Башкы документ активдерди жана аларга шарт түзгөн жагдайларды аныктоо жана анын жолун бөгөттөө, тергөө үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт. Башкача айтканда, өлкөнүн экономикалык ресурстарын мыйзамсыз топтоонун алдын алуу жолдору каралган.  Эң негизгиси кайтарылган каражаттарды өлкөнүн кызыкчылыгына жумшоо жагын эске алуу керек. Бул жаатта атайын мамлекеттик фонд жана башкаруучу компания түзүү мерчемделген.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Кайтарылып алынган активдер Казакстан элинин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылоого жумшалат. Албетте, жалпы кабыл алынган мыйзамдар адилеттүү Казакстанды түзүүнүн дагы бир конкреттүү кадамы. Бул мыйзамдар мамлекет башчысынын улуттук кызыкчылыкка багытталган демилгесин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков