Казакстан аскер күчтөрүнүн жаңы бөлүмү

Казакстан аскер күчтөрүнүн жаңы бөлүмү

Казакстанда резервдеги аскерлер пайда болот. Аларды жарандардын арасынан тартуу көздөлүүдө. Бирок алар аскерге чакыруу мезгилинде же сабактарда аскер макамына ээ болушат. Сенаторлор аскердик кызмат маселелери боюнча мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жактырды. Баштапкы этапта өлкөнүн бардык аймактарынан 2 миңге жакын адамды тартуу пландаштырылууда. Мында жашы жеткендер ыктыярдуу негизде резервист боло алышат. Алар менен 3 жылга келишим түзүлөт. Ошондой эле 57 жашка чейинки запастагы офицерлер, ошондой эле 47 жашка чейинки жоокерлер жана сержанттар кабыл алынат. Согуштук машыгуу жылына 60 күндөн ашпайт. Аскердик резервдегилерге ай сайын минималдуу эмгек акыны төлөп туруу каралууда.  Ошол эле учурда алардын иштеген жери жана кызмат орду сакталып турат. Резервдегилердин чыгымдары мамлекеттик бюджеттен жабылат. Кызмат өтөгөн жерлер атайын резервдегилер жашаган жери боюнча тандалат. Бул казакстандыктарды резервге кирүүгө түрткү бериши мүмкүн деп эсептейт Коргоо министрлиги.

 

Султан Камалетдинов, Коргоо министринин биринчи орун басары, Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы:


- Биринчиден-ар бир жарандын моралдык мотивациясы жана өз мекенин коргоо катары конституциялык парзын аткаруу. Экинчиден биз муну түшүнөбүз ар бир эркек ар дайым аскерде жүргөнүнө сыймыктанат, ал үй-бүлөсүнүн жана жалпы өлкөнүн коргоочусу. Бул дагы мотивация болуп саналат. Үчүнчүдөн, ал түздөн-түз аткарып жаткан, аймактык принцип боюнча аскердик бөлүктөргө дайындалат.


Сергей Ершов, Парламент Сенатынын депутаты:


- Резервдегилер жаракат алган учурда толук көлөмдө медициналык камсыздоо, бир жолку компенсация алуу мүмкүнчүлүгү бекитилет. 2016-жылдын үчтүн айынын биринен тартып дайындалган аскер кызматчыларына иштеген жылдары үчүн пенсиялык төлөмдөрдү жыл сайын индексациялоо боюнча ченемдер каралган. Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жетиштүү иштеген жылдары бар күч структураларынын кызматкерлерине пенсиялык төлөмдөргө укук берилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков