Астанада «Борбор Азия – Кытай» ишкерлер
кеңешинин экинчи жыйынында 35 меморандумга кол коюлду. Алардын жалпы баасы 17
миллиард долларды түзөт. Жаңы келишимдер экономиканын реалдуу секторлорундагы
кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана ири биргелешкен долбоорлорго Кытай
инвестицияларын тартууга багытталган. Жыйын аймактагы мамлекеттер менен КЭРнын
миңден ашык делегаттардын башын бириктирди.
Жэнь
Хубинь, Эл аралык сооданы шыктандыруу боюнча Кытай комитетинин башкарма
төрагасы:
- Биздин
эл аралык сооданы шыктандыруу комитети Кытай компанияларынын Борбор Азия
аймагына инвестиция салуу жана энергетика, унаа жасоо, инфраструктура сыяктуу
негизги тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу ниетин колдоого даяр. Ошондой эле
заманбап айыл чарбасынын жаңы багыттарын, энергиянын кайра жанма булактарын, унаа
жасоону, санариптик экономиканы жана башкаларды биргелешип өздөштүрүү көздөлүүдө.
Казакстан менен Кытай жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө
артыкчылыктуу көңүл бурушат. Бул максатта өлкөнүн аймагында энергиянын
альтернативдүү булактарынын объекттери үчүн зарыл болгон жабдууларды өндүрүү
жолго коюлат. Тараптар башка масштабдуу энергетикалык долбоорлорду биргелешип
ишке ашырууга кызыкдар. Ишкерлердин улуттук палатасынын өкүлдөрүнүн айтымында,
бул багыттагы иштердин алгачкы жыйынтыктарын жылдын аягына чейин көрүүгө болот.
Жакып
Хайрушев, «Атамекен» УИП башкаруучу мүдүрү:
- Биз
кытайлык кесиптештерибиз менен кайра жарнма энергияны өнүктүрүү боюнча
пландарыбыз менен бөлүшүп, тиешелүү долбоорлорду сунуштадык. Энергетика
министрлигинин аукциондору Казакстандын түштүгүндө ишке ашырылып жаткан ири
долбоорлор менен таанышты. Екибастузда заманбап райондук электр станциясынын
курулушу каралган. Ал эми атомдук энергетика Казакстан-Кытай кызматташтыгынын
артыкчылыктуу багыттарынын бири болмокчу.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

