Казакстандын президенти Оман Султанатынын экономикалык
маселелер боюнча Премьер-министринин орун басары Зиязин бен Хайсам Аль Саидди
кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Оман араб дүйнөсүндөгү өлкөнүн ишенимдүү
өнөктөшү экенин жана Казакстан кызматташтыкты чыңдоого умтуларын баса
белгиледи. Лидерлер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин
талкуулап, энергетика, металлургия, логистика, айыл чарба комплекси жана
санариптештирүү тармактарына өзгөчө көңүл бурушту. Казакстандын президенти Оман
Султанынын Астанага болчу сапарын күтөрүн белгилеп, Жакынкы Чыгыштагы азыркы
оор мезгилде боордош элге колдоосун дагы бир жолу белгиледи. Зиязин бен Хайсам
Аль Саид Оман тараптын мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын
ырастады. Ал эми өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн
Касым-Жомарт Токаев аны I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

