Казакстандын Премьер-министри КМШмамлекеттери башчылары кеңеши отурумуна катышты

Казакстандын Премьер-министри КМШмамлекеттери башчылары кеңеши отурумуна катышты

Казакстан КМШга мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү жолдорду өз ара байланыштыруу концепциясын иштеп чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди. Документ Шериктештиктин Аткаруу комитетине жолдонду. Анын айтымында, өлкө трансконтиненталдык коридорлорго, башкача айтканда «Батыш-Чыгыш» жана «Түндүк-Түштүк» багыттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бүгүнкү күндө Казакстандын тышкы соодасынын төрттөн бири КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Олжас Бектенов Казакстан Президенти демилгелеген "Шериктештик жарманкеси" мамлекеттер аралык программасын түзүү мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи. Жалпысынан жыйында соода-экономикалык кооперацияны чыңдоо, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жеткирүү көлөмүн көбөйтүү, айлана-чөйрөнү сактоо, маданий-гуманитардык байланыштарды жана илимий дараметти жогорулатуу маселелери каралды. Отурумдун жыйынтыгында жарандык кеме куруу жана кеме комплекттөөчү жабдууларды өндүрүү, транспорт комплексин санариптик трансформациялоо жана башка тармактарда кызматташуу тууралуу документтерге кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков