Кышкы Азия оюндарынын байге ээлери Казакстанга кайтып келди

Кышкы Азия оюндарынын байге ээлери Казакстанга кайтып келди

Харбинде өтүп жаткан кышкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Казакстанга мекенине кайтып келишти. Кытайдан учуп келген алгачкы спортчулардын катарында өнөктөшү Роман Иванов менен бирге синхрондуу секирүү дисциплинасында фристайл - акробатика боюнча тарыхый алтынды жеңип алган Шерзод Хаширбаев да бар. Ошондой эле мелдештин байге ээлери – фристайлчылар Аяна Жолдас, Асылхан Асан, Ардана Маханова жана коньки тебүүчүлөр Кристина Силаева менен Евгений Кошкин да келишти.

Шерзод Хаширбаев, IX Кышкы Азия оюндары – 2025 мелдешинин чемпиону:

- Келечектеги пландарыбыз – лицензия алып, Олимпиада оюндарын багынтуу. Атаандаштар күчтүү болду – бул Кытайдын командасы, алар бул спорттун түрү боюнча лидер. Алардын арасында Олимпиада чемпиону Ци Гуанпу да болду. Мен үчүн синхрондуу сууга секирүү боюнча мелдешип, ага каршы күч сынашып, алтын медалды жеңип алуу чоң сыймык.

Евгений Кошкин, IX Кышкы Азия оюндары – 2025 мелдешинин күмүш медалынын ээси:

- Үйгө келип, бир аз эс алып, калыбыма келип калдым. Бир жумадан кийин бизде Дүйнөлүк чемпионаттын кийинки этабы бар, мен ага даярданам, ал жерде да бир нече мелдештерди өткөрөбүз. Ошондой эле дүйнөлүк чемпионаттар жана жайкы машыгуулар бар. Олимпиада оюндарына азыртадан эле даярданып жатабыз, бул дагы маанилүү башталыш десем болот. Мүмкүн болушунча күчтү олимпиадага жумшайбыз.

Бүгүнкү күндө Азия оюндарында Казакстан курамасынын эсебинде 18 медаль бар. Белгилей кетсек, курама команданын курамында биринчи орундарды фристайл акробатика жана шорт-трек боюнча эркектер командалары, ошондой эле биатлончу Владислав Киреев алып келишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков