«Казакстандын жапайы жаратылышы» долбоору өлкөнүн фаунасы тууралуу жаңы онлайн платформаны ишке киргизди. Порталда бардык каалоочулар республиканын жаныбарлары менен жакындан тааныша алышат. Актуалдуу маалыматтарды биле алышат жана портреттик фотосүрөттөрдөгү түрдүн өзгөчөлүктөрүн карай алышат. Ошондой эле, акыркысы веб-сайттын өзгөчөлүгү. Сапаттуу сүрөттөр жаныбарларды жана канаттууларды ар кандай бурчтан, мүмкүн болушунча ыңгайлуу шартта кароого мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун алкагында Коргалжын коругуна, Алтын-Эмель улуттук жаратылыш паркына барууларды камтыган 6 фотоэкспедиция уюштурулду. Келечекте долбоорду кеңейтүү жана жаныбарлардын же канаттуулардын ар бир сүрөтү чыгарган үндөрү менен коштолгон аудио-энциклопедияларды чыгаруу пландаштырылууда. Ошондой эле жаратуучулар Казакстандын ар кыл флорасы тууралуу маалымат кошууну көздөшүүдө. Эске салсак, «Казакстандын жапайы жаратылышы» долбоору айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого өбөлгө түзөт.
Канат Абашов «Еcoforming» билим
берүү жана экология фондунун өкүлү:
- Биздин команда, тактап айтканда, зоология институту,
экологдор жана билим берүү «ООД» фонду сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү долбоордун үстүндө
жарым жылдан ашык чогуу иштешип, алынган маалыматтарды системалаштырышты. Ал
үчүн жыл ичинде Казакстандагы дээрлик бардык зоопарктарга, ошондой эле
жаратылыш коруктарына барып, жаныбарларды тартып алышкан. Адистер муну
Казакстанда жашаган бардык түрлөрдү толук камтуу үчүн жасашты. Биз абдан
конкреттүү жана кызыктуу учурларды тасмага тартуу бактысына ээ болдук.
Ошондой эле, команда-зоология институту, улуттук географиялык Казакстан
журналы, экология жана билим берүү фонду сыяктуу ар кандай уюмдардын
адамдарынын тобунан турат. Бир топ команда долбоордо 6 айдан ашык иштешти.
Негизинен, жыл бою алар Казакстандагы дээрлик бардык зоопарктарга, ошондой эле
жаратылыш коруктарына барышкан. Ошентип, кээ бирлери зоопаркта жолукпаган
түрлөрүн табышы керек болчу. Аларды жапайы, абдан конкреттүү учурларда жана
абдан кызыктуу учурларда издеши керек болгон.
Айбын
Шагала, National Geography журналынын мүдүрү:
- Бул долбоор Казакстандын бардык жаныбарлары менен
канаттууларын бир порталга бириктирет. Сайттан үч тилде – казак, орус, англис
тилдеринде жогорку сапаттагы сүрөттөр менен иллюстрацияланган энциклопедиялык
маалыматты алууга болот. Платформада издөө тутуму орнотулган жана колдонуучулар
студенттерден илимпоздорго чейин жаныбарлардын маалыматтарын категориялары жана
түрлөрү боюнча оңой таба алышат. Ар бир түргө 5-6 сүрөт, ошондой эле абалы,
саны жана башкалар жөнүндө толук маалымат тиркелет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков