Быйыл Казакстанда 4 миллиондон ашык бала мектепке барат. Алардын ичинен 340 миңден ашыгы биринчи класска кирет. Окуу жылына даярдык өкмөттүн жыйынында талкууланды.
Гани Бисембаев, Казакстандын
билим берүү министри:
- Жаңы окуу
жылынын өзгөчөлүгү орто билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү
болот. Бул үчүн жасалма интеллект «Санарип сабаттуулук» жана «Информатика» сабактарына
интеграцияланды, ошондой эле этикалык стандарттар бекитилди. 1-11-класстын
окуучулары үчүн «Day of AI» онлайн курстары иштелип чыкты, ошондой эле педагогдор үчүн курстар
уюштурулат.
Жасалма
интеллект 1–4-класстар үчүн санарип сабаттуулук сабактарына киргизилет. Бул
үчүн казак жана орус тилдериндеги акысыз контент интерактивдүү сабактар менен
колдонулат. Ошондой эле жасалма интеллект технологияларын техникалык жана
кесиптик билим берүү системасына киргизүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары,
билим берүү министри жаңы форматтагы «Келечек мектептери» жөнүндө айтты. Гани Бисембаевдин
айтымында, президенттин тапшырмасы боюнча башкаруунун жаңы стандарты иштелип
чыккан жана ыңгайлуу мектептердин 3 миңден ашуун мугалими үч деңгээлдүү окуудан
өткөн. Аталган модель ушул жылдын аяк оона айынан баштап ишин баштайт.
Которгон: Назира Бегалиева

