Казакстандын аймактарында Нооруз кеңири белгиленет

Казакстандын аймактарында Нооруз кеңири белгиленет

Нооруз алкагындагы масштабдуу майрамдык иш-чаралар Казакстандын аймактарында да өтүп жатат. Сатпаев шаарында Боорсок Fest уюштурулду. Борбордук аянтта чыныгы гастрономиялык шоу башталды: ашпозчулар 200 килограммга жакын камыр жууруп, боорсок бышырды. Биримдиктин, берешендиктин жана достуктун символу катары баарына он миңден ашык даамдуу тамактар таратылды. Шаардын тургундары жана коноктору улуттук кийим кийип, майрамдык атмосфераны колдошту. Уюштуруучулардын айтымында, Боорсок Fest Нооруз рухунун көрүнүшү, ал адамдарды бириктирип, жүрөктөрдү жазгы жылуулук менен толтурду.


Альбина Итекеева, Сатбаев шаарынын тургуну:


– Биздин шаарда ушундай иш-чаранын өткөрүлүп жатканы кубандырат. Өтө масштабдуу, кызыктуу, баарыбызды бириктирет. Бардык казакстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!


Нооруз майрамы өлкөнүн батышында да өзгөчө белгиленет. Атырауда 5 миңге жакын адам, жаш курагы ар кандай, түрдүү улуттун өкүлдөрү Улуттук кийим күнүн колдошту. Катышуучулар казактын салттуу кемселин, чапанын кийип, элдин каада-салтына, маданиятына жана бай мурасына урмат көрсөтүштү. Жүрүшкө катышуучулар баркыт менен жибектен тигилген, саймалар жана улуттук оюу-чиймелер менен кооздолгон кийим үлгүлөрүн көрсөтүштү. Аялдардын салттуу баш кийимдери, эркектердин тебетейи жана териден тигилген баш кийимдери көрүнүштүн көркүн ачты. Элечек кийген апалардын жүрүшү да өзгөчө көңүл бурдурду.


Алмагүл Кудайберген, Атырау шаарынын тургуну:


– Аба ырайы абдан сонун. Элдин маанайына жараша күн да сонун. Адамдардын бүткүл маанайын көрсөтүп турган керемет майрам болуп жатат. Иш-чарага биринчи жолу катышып жатам. Буга чейин катышкан эмесмин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков