Казакстандык унаалар менен техникалардын экспорт көлөмү эки эсеге артып, 3 млрд доллардан ашты. Бул акыркы 5 жылдагы жаңы көрсөткүч. Өлкөдө жасалган унааларга Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Түркия тарабынан суроо-талап жогору. Ушул аралыкта өлкөдө темир тулпар кураштыруу көрсөткүчү да үч эсеге артканы байкалат. Былтыр жалпы наркы 5,7 трлн теңгенин техникасы чыгарылган. Эми алдыдагы убакытта өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспорттоочу өлкөлөрдүн санын эселеп арттырууну көздөп отурат. Ал үчүн инвестиция тартуу башкы милдеттердин бири. Азыркы тапта тармакка тартылган чет элдик капитал 376 млрд теңгеге жеткен. Өлкөдө унаа жасоо тармагын санариптештирүү процесси күч алды. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир катар ишканалар жасалма интеллект менен роботторду өндүрүштө колдонуп жатат.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
– Бул процесстер президент койгон кеңири милдеттердин алкагында өзгөчө мааниге ээ. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемелович Токаев белгилегендей, Казакстан аймактагы алдыңкы санариптик хабдардын бирине айлануусу тийиш. Бул жылдын Санариптештирүү жана жасалма интеллект жылы деп жарыяланышы унаа жасоо тармагын технологиялык жактан жаңы деңгээлге көтөрүүгө дем берет.
Чжоу Вэйдун, Кытай эл аралык сооданы өнүктүрүү кеңешинин автоунаа жасоо комитетинин төрагасы:
– Кытай өткөн жылы 700 миңден ашык робот чыгарган. Бул жаатта Казакстан менен биргелешип иштесе болот. Башкача айтканда, завод курууга мүмкүнчүлүк бар. Адистерди даярдоо маселеси да көз жаздымда калбайт. Казакстандыктарды Кытайдын жогорку окуу жайларында окута алабыз. 5 жылда эң аз дегенде 100дөн ашык тажрыйбалуу адис чыгарууга болот. Ошондой эле, роботторду оңдой турган жана тетиктерди сата турган ишкана керек. Ошондо Казакстан Борбор Азиядагы хабга айлана алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

