Казакстан-Орусия: стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багыт

Казакстан-Орусия: стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багыт

Стратегиялык өнөктөштүк жана бекем союз. Бул тууралуу Казакстан менен Орусиянын лидерлери чакан жана кеңейтилген сүйлөшүүлөрдө билдиришти. Эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатат. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин учурдагы абалына көңүл бурду. Президенттин айтымында, өз ара соода тынымсыз өнүгүп жатат. Өткөн жылы ал 27 миллиард долларга жетти. Жакынкы келечекте аны 30 миллиардга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Сиздин визитиңиздин күн тартиби кыйла кеңири. Иш сапардын алдында өкмөт мүчөлөрү иштеп, күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулашты. Бүгүн биз абдан маанилүү документтерди кабыл алабыз – бул 20 келишим, алар албетте биздин жакшы коңшулаштыгыбызды жана кызматташтыгыбызды мындан ары өнүктүрүүгө кошумча кубаттуу түрткү берет.

Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:

- Чындыгында, Казакстан биздин стратегиялык жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. Тар чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулаганыбызда, биз эки тараптуу процессибиздин алкагында келип чыккан көйгөйлөргө көңүл бурдук. Бирок эң негизгиси бул суроолордун баарына жооп издеп, аларды табуу каалообуз бар. Биз чогуу чече албаган бир дагы маселе жок. Мындай мамиле менен биз чоң ийгиликтерге жетишебиз.

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташуусунун XX форумунун жыйынына видеоконференция аркылуу да катышты. Платформа 20 жылдын ичинде өзүнүн натыйжалуулугун бир нече жолу көрсөттү. Бул жерде бизнес жаңы келишимдери түзүлүп, өз ара аракеттенүү багыттары аныкталат. Айта кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын тышкы соодасынын дээрлик 20% Орусиянын үлүшүнө туура келет. Республикада 23 миң орусиялык жана биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Мамлекет башчысы тармактар аралык кызматташуунун негизги маселелерине кеңири токтолду. Анын пикиринде, Казакстан менен Орусиянын отун-энергетика тармагындагы кызматташуусу жаңы сапаттык деңгээлге чыкты. Тараптар "Каламкас-деңиз-Хазар" ири деңиз кенин иштетүүгө киришти. Мындан тышкары, мунай-химия жана унаа жасоо тармактарында ишке киргизилген заводдор азыртадан эле тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жакшы натыйжаларын көрсөтүүдө.

Ал, эми форумдан кийин эки мамлекеттин башчылары да видеоконференция аркылуу Омск шаарында КазУУнун филиалын расмий түрдө ачышты. Орусиядагы биринчи казакстандык университеттин филиалына абитуриенттерди кабыл алуу келерки жылдын аяк оона айына белгиленген.

Андан соң Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен билдирүү жасашты. Казакстандын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарын казак-орус мамилелеринин өнүгүшүндөгү маанилүү болгон окуя деп атады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык маселелерге артыкчылык берилди. Негизги максаттар стратегиялык тармактарда кызматташууну тереңдетүү жана өз ара соода жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуу болду. Аймактар ​​аралык кызматташтык форумунун алкагында эки өлкөнүн аймактар ​​аралык жана чек ара кызматташтыгынын жаңыланган өкмөттөр аралык программасына кол коюлду.

Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:

- Жаңы эле кол коюлган биргелешкен билдирүүдө эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү боюнча дымактуу жаңы милдеттер коюлду. Аларды ишке ашырууга өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык деңгээлде кол коюлган документтер таасирин тийгизет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары жаңы глобалдык тартиптин шартында стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан 19 макулдашууга жана меморандумга кол коюлду. Алар Астана менен Москванын мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга умтулуусун көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.