Акордада
Италиянын Президенти Серджо Маттарелланы тосуп алуу аземи болуп өттү. Ал
Астанага расмий сапар менен келди. Делегациялар тааныштырылгандан кийин,
ардактуу кароол ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берип,
эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери ойнотулду. Андан соң президенттер
сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Касым-Жомарт Токаев Серджо Маттарелланын Казакстанга
болгон сапары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого
күчтүү түрткү берерин белгиледи. Байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн
Италиянын Президенти да баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев менен Серджо Маттарелланын көзмө-көз форматтагы
талкууларынан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөр
улантылды.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Италия
Казакстандын эң ири үч соода өнөктөшүнүн бири бойдон калууда. Биздин
экономикалык кызматташтыгыбыз абдан динамикалуу өнүгүп жатат жана андан ары
өсүү үчүн зор дараметке ээ.
Биз сиздин өлкөнүн экспортун андан ары көбөйтүү пландарын кубаттайбыз. Акыркы
20 жылда Италия биздин экономикага 7,5 миллиард долларга чейин инвестиция
салды. Казакстанда 250 италиялык компания ийгиликтүү иштеп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы өлкөлөр 20 миллиард долларга соода кылган. 8
айдын ичинде эле товар жүгүртүү 11 миллиарддан ашты. Критикалык маанилүү чийки
заттар, мунай-химия, унаа жасоо, транспорт жана логистика, тамак-аш азыктарын
кайра иштетүү, жасалма интеллект, туризм жана билим берүү - мунун баары
казак-италиялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечектүү багыттары. Айта кетсек,
өлкө менен гана эмес, аймак менен да өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү мисалы
катары «Борбор Азия плюс» платформасы жана бугу айында Астанада өткөн «Борбор
Азия – Италия» биринчи саммити да болду.
Серджо
Маттарелла, Италиянын Президенти:
- Сиздин өткөн жылы Римге болгон сапарыңыз биздин мамилелерибиздин
өнүгүшүндөгү эң маанилүү этап болуп, аларды мындан ары да бекемдөө үчүн негиз
түздү. Бул кадамдар биздин өнөктөштүгүбүздү бардык жагынан өзгөчө кылат.
Маданий чөйрөдө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жигердүү өнүгүүдө.
Италия Астанада Борбордук Азиядагы биринчи Маданий борборду ачты. Борбор
калаанын көчөлөрүнүн бирин Марко Полонун атынан атоону демилгелөөңүз биздин
байланыштарыбызды мындан ары да бекемдөөгө болгон берилгендигиңизди билдирет.
Сизге бул колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Тараптар билим берүү тармагында да кызматташтыкты кеңейтет. Азыркы учурда
Италиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында 4 миңден ашуун казакстандык студент
билим алууда. Мындан тышкары, быйыл Жетысу университетинин базасында
Марке политехникалык университетинин филиалы иштей баштады. Жакында Римде улуу
казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик тургузулат. Ал эми Неаполдо анын
ысымындагы опера коюлат. Келерки жылы Италияга «Көчмөндөр алтыны» экспозициясы
алынып келинет. Мындай маданий-таанып билүү иш-чаралары элдердин жакындашуусуна
өбөлгө түзөт, деп ишенет Касым-Жомарт Токаев.
Бүгүн мамлекет башчысы
Италиянын президентин эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты
бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы үчүн I даражадагы «Достук»
ордени
менен сыйлады. Өз кезегинде Серджо Маттарелла Касым-Жомарт Токаевге Италиянын
эң жогорку сыйлыгы – «Италия
Республикасына сиңирген эмгеги үчүн»
орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

