Казакстан өнөр жай
кооперациясын кеңейтүүнү жана чийки затты кайра иштетүү, заманбап материалдарды
өндүрүү жана жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго
инвестиция тартууну максат кылууда. Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө
Екатеринбургдагы XVI Эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Иннопромда Казакстандын Премьер-министри
Олжас Бектенов айтып берди. Анын айтымында, республика инвесторлор үчүн
ыңгайлуу шарттарды ырааттуу түрдө түзүп жатат. Мында сөз салыктык жана бажы
жеңилдиктери, «бирдиктүү терезе» принциби боюнча долбоорлорду коштоп жүрүү жана
Altyn Visa атайын виза режими жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле өнөр жайды
санариптик жактан модернизациялоого олуттуу көңүл бурулууда. Көргөзмөнүн өзү,
делегаттар белгилегендей, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ишкердик байланыштарды
бекемдөө жана эл аралык өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн салттуу аянтча
болуп калды.
Олжас Сапарбеков, Казакстан Республикасынын өнөр жай
жана курулуш министринин орун басары:
– Көргөзмөнүн концепциясы чийки затты казып алуудан баштап, даяр өнүмдү, анын ичинде эл керектөөчү товарларды өндүрүүгө чейин курулган. Кластер тоо-кен жана металлургия өндүрүшү, унаа жасоо тетиктерин чыгаргандар, курулуш материалдарын өндүргөндөр, жеңил өнөр жай, электротехникалык унаа жасоо сыяктуу тармактарды камтыды, ошондой эле тоо-кен жана металлургия кластериндеги, медицина багытындагы адамдар үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана эмгек шарттарын түздөн-түз жакшыртууга жардам берген бир катар санариптештирүү чечимдери да киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

