Түркмөнстан – Казакстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана
боордош мамлекет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Сердар Бердымухамедов менен жолугушууда
билдирди. Түркмөнстандын президенти Астанага мамлекеттик сапар менен келди.
Салтанаттуу тосуп алуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар жана кеңири
форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу
кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. Бул соода-экономикалык жана
транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүүгө тиешелүү. Өлкөлөр ортосундагы
товар жүгүртүү өсүүдө. Акыркы беш жылда сооданын көлөмү төрт эсеге көбөйдү, ал
эми Казакстандын Түркмөнстандын экономикасына салган инвестициясы 120 миллион
доллардан ашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы
товар жүгүртүү биргелешкен аракеттердин аркасында туруктуу түрдө жарым миллиард
доллардан ашып турат. Бул жылдын көрсөткүчтөрү да үмүттөндүрөт. Мен урматтуу
Түркмөнстандын Президенти менен өз ара сооданын көлөмүн бир миллиард долларга
чейин көбөйтүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоого макулдаштык. Бул максатта
Казакстан товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча иш планын кабыл алууну сунуштады.
Эки өлкөнүн ишкерлерин колдоо үчүн өз ара негизде соода үйлөрүн түзүү чечими
кабыл алынды. Ошондой эле эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда коммерциялык түз
аба каттамдарын ачуу маселесин кароого макулдаштык.
Эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү тармагы –
айыл чарбасы. Казакстан түркмөн рыногуна буудай жеткирүүнү көбөйтүүнү, ошондой
эле өсүмдүк майларын, макарон азыктарын, эт-сүт азыктарын экспорттоону
көбөйтүүнү көздөөдө. Мамлекет башчылары газды кайра иштетүү жана газ өткөрүүчү
инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташууну улантуу боюнча макулдашышты. Касым-Жомарт
Токаев ошондой эле транзиттик-транспорттук чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү
келечегин белгиледи. Бул жерде Казакстан – Түркмөнстан – Иран темир жолу өзгөчө
ролду ойнойт. Ал Түндүк – Түштүк транспорт коридорунун маанилүү бөлүгү болуп
саналат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Үстүбүздөгү жылдын 10 айында
ташуулардын көлөмү бир жарым миллион тоннаны түзүп, 14%га көбөйдү. Тарифтерди
оптималдаштыруу, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар
көрүлүүдө. Чек ара инфраструктурасы активдүү өнүгүүдө, өткөрүү пункту модернизацияланууда.
Түркмөнбашы – Гарабогаз – Казакстандын чек арасы багыты боюнча жол
инфраструктурасын бириктирүү маселеси акырындык менен чечилүүдө. Контейнердик
ташууларды күчөтүү үчүн Актау, Курык жана Түркмөнбашы Каспий портторунун
транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга макулдашылды.
Мамлекет башчылары санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн да
көз жаздымда калтырышкан жок. Казакстан мамлекеттик кызматтар чөйрөсүндө
биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана IT-технологияларын киргизүүнү
сунуштады. Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан менен Казакстан Борбор Азиядагы
стратегиялык өнөктөштөр экенин билдирди.
Сердар Бердымухамедов, Түркмөнстандын Президенти:
- Өз ара сооданы кеңейтүү жана
диверсификациялоо боюнча чаралар, ошондой эле өнөр жай кооперациясы жаатында
биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык саясатты
активдештирүү маселелери каралды. Буга байланыштуу биз эки мамлекеттин ишкер
чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого чоң маани беребиз.
Касым-Жомарт Токаев менен Сердар Бердымухамедовдун
сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө
жана 11 макулдашуу менен меморандумга кол коюлду. Алар укуктук жана
транспорттук чөйрөлөрдө, ошондой эле агро өнөржай комлекси, саламаттыкты сактоо,
илим, маданият жана ЖМК тармактарында кызматташууну камтыйт.
Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президентин жогорку мамлекеттик сыйлык – «Алтын Қыран» ордени менен сыйлады. Касым-Жомарт Токаев Ашхабаддын дипломатиянын, тынчтыктын жана туруктуулуктун борбору катары макамын баса белгиледи. Казакстандын лидери Сердар Бердымухамедовдун өлкөлөр ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон жеке салымын да белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

