Казакстанда биринчи токой климаты долбоору башталат. Аны ишке ашырууну
өлкөнүн премьер-министри, британиялык SEFE компаниясынын жана Казакстандын SAFC
компаниясынын өкүлү талкуулады. Тараптар келишимге кол коюшту. Анын алкагында
британиялык компания республикада токой өстүрүүгө инвестиция салмакчы. Бул
максатта 1,5 миң гектар аянт бөлүнүп, аларга 3 миллиондон ашык бак-дарактар:
терек, карагай, кайың, итмурун отургузулат. Чыгындылардын орточо жылдык кыскарышы
гектарына 26 тонна көмүр кычкыл газын түзөөрү болжолдонууда. Ал эми 30 жылдын
ичинде 1 миллион тоннадан ашык CO 2 чыгарылат. Мындан тышкары, долбоор
агротокой чарбасын жана экотуризмди өнүктүрүүгө түрткү берет. Белгилей кетсек,
долбоор өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн уникалдуу. Олжас Бектеновдун
айтымында, экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылуу боюнча бизнес
менен биргеликте иш алып баруу абдан маанилүү. Премьер-Министр президенттин экология маселелерине,
өзгөчө дарак отургузууга өзгөчө көңүл бурула турганын
белгиледи.
Юрий Ким, «SAFS»
компаниясынын мүдүрү:
- Алматы
облусундагы пилоттук долбоор. Капшагай көлүнүн жанында бузулган жайыттар токой
экосистемасына айланат. Бул токой экосистемасы көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип
алат жана 30 жылдын ичинде биз көмүртектин бөлүгүн сатып, кошумча киреше
алабыз. Биз жалпысынан 200 миң бак-дарактарды тесттик режимде отургуздук, бул
аймакка 3,3 миллионго жакын көчөттөр отургузулат.
Александр
Демидов, SEFE Marketing&Trading Limited компаниясынын вице-президенти:
- Биз бул
долбоорго катышканыбызга абдан кубанычтабыз. Анткени биринчи кезекте биз
Казакстанда зор мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Биздин милдет, баарынан мурда
экология. Бирок жаңы индустрия жагынан алганда Казакстандын чоң дарамети бар.
Анткени климаттык жагынан суроо-талап өсөт жана Казакстан бул бирдиктерди
рынокко жеткирүү үчүн абдан жакшы стратегиялык позицияга ээ болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков