Бакуда Казакстан-Азербайжан серепчилик кеңешинин жыйыны өттү

Бакуда Казакстан-Азербайжан серепчилик кеңешинин жыйыны өттү

Өткөн жылы Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү 533 млн долларды түзгөн. Акыркы беш жылда ал беш эсе өстү-бул чек эмес. Өлкөлөрдүн дарамети чоң. Бул тууралуу Казакстан-Азербайжан серепчилик кеңешинин отурумунда айтылды. Саясат таануучулар, талдоочулар, дипломаттар жана экономисттер кызматташуу чөйрөсүн белгилешти. Тараптар бүткүл регион үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга катышат. «Орто коридорду» өнүктүрүүдө, жашыл демилгелерде. Ошентип, COP29 алкагында эки өлкө Өзбекстан менен биргеликте жашыл энергияны ташуу үчүн терең суу куурун тартуу боюнча келишимге кол коюшту. Казакстан да быйыл Азербайжанга буудайдын эң ири жеткирүүчүсү болду. Мында, республика чийки эмес товарлардын 130 түрүн 340 млн долларга экспорттоого даяр. Эл аралык уюмдардын жана түрк интеграциясынын алкагында өлкөлөр кызматташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков