Конституциянын кабыл алынышынын урматына салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Конституциянын кабыл алынышынын урматына салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Астанадагы Акордада Казакстандын Конституциясынын кабыл алынган күнүн белгилөө аземи өттү. Президент Касым-Жомарт Токаев Баш мыйзамдын текстине кол коюп, аны ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын айтымында, жаңы Конституция расмий түрдө теке айынын 1нен тарта күчүнө кирип, жалган куран айынын 15де мамлекеттик майрам катары белгиленет.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Корутунду документ — жамааттын талыкпаган аракетинин натыйжасы. Бирдиктүү эл катары биз өлкөнүн тарыхында жаңы доорду ачтык, сапаты жана мазмуну боюнча кайталангыс кайра курууларга кириштик. Кечээ эле жалпы элдик референдум тиешелүү деңгээлде өтүп, жарандардын жүрөгүндө жандуу резонанс жаратты. Мекендештерибиз модернизация жана жаңылануу жолун колдогон добуштары менен өз тандоосун жасашты. Ушул чечүүчү учурда казакстандыктар тилектештиктин үлгүсүн көрсөтүп, жалпы максатыбызды ишке ашырууга чоң салым кошушту.


Президент чоң үмүт арткан жаштарга өзгөчө ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы өлкөнү дүйнөдөгү эң прогрессивдүү жана алдыңкы мамлекеттердин бирине айландыруу дал ушул жаштардын колунда экенин баса белгиледи.  Кабыл алынган Элдик Конституция келечек муундардын негизги багыты болуп калууга тийиш. Касым-Жомарт Токаев Конституциялык комиссиянын кеңири жана натыйжалуу ишин, ошондой эле Улуттук коалициянын мүчөлөрүнүн салымдарын белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, бул фундаменталдык документтин мазмуну боюнча жогорку деңгээлдеги маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошондой эле коомдук активисттер менен ыктыярчылардын жарандык жоопкерчилигинин деңгээли жогору бааланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков