Казакстандын Президенти Сауд Арабия Королдугунун элчисин кабыл алды

Казакстандын Президенти Сауд Арабия Королдугунун элчисин кабыл алды

Казакстан Сауд Арабиясы менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Королдуктун республикадагы элчиси Файсал Аль-Кахтани менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Мураскер ханзаада – Сауд Арабиясынын Премьер-министри Мухаммед бен Салман Аль Сауддун эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү алдыга жылдырууга кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле, ага Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүү чакыруусун дагы бир ирет тастыктады. Өз кезегинде элчи Королдуктун Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө бекем ниети бар экенин билдирди. Дипломаттын айтымында, жакында кол коюлган инвестицияларды өз ара коргоо жана кубаттоо, ошондой эле мамлекеттер аралык Координациялык кеңеш түзүү боюнча макулдашуулар өз ара пайдалуу байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, элчи Казакстандын Президентине Жакынкы Чыгыштагы татаал кырдаалга байланыштуу көрсөткөн колдоосу үчүн Сауд Арабиясынын жогорку жетекчилигинин ыраазычылыгын жеткирди. Ошондой эле, Казакстандын Түркестан шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн аянтча берүү демилгесинин актуалдуулугун баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков