Oxford Insights эл
аралык талдоо борбору жарыялаган Government AI Readiness Index 2025 рейтингинде
Казакстан бир топ ийгиликке жетишти. Башкача айтканда, жасалма интеллектти
киргизүү жана башкаруу деңгээли боюнча өлкө дүйнөнүн 195 мамлекетинин арасында
60-орунга көтөрүлүп, бир жылдын ичинде 16 позицияга жогорулады. Казакстан
аймактык бөлүштүрүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн башында турат. Бул тизмеде «аймактагы
эң өнүккөн санариптик мамлекеттердин бири» деген макамын кайрадан тастыктады.
Изилдөө жасалма интеллектти мамлекеттик башкаруу, экономика жана коомдук
тармактарда колдонуу деңгээлин баалайт. Ошондой эле анын коопсуз жана
жоопкерчиликтүү киргизилишине түзүлгөн шарттар да эске алынган. Oxford Insights
отчетунда өлкөнүн саясий дарамети жана башкарууга даярдыгы да өзгөчө
белгиленген. Өлкөнүн тармактык министрлигинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч
мамлекеттик кызматтардын санариптештирилиши, электрондук өкмөттүн өнүгүшү жана
санариптик инфраструктуранын чыңдалышы менен байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

