К. Токаев Олимпиада жана Паралимпиадага катышуучу улуттук курамага тууну тапшырды

К. Токаев Олимпиада жана Паралимпиадага катышуучу улуттук курамага тууну тапшырды

Казакстандын Президенти Кышкы Олимпиада оюндарына жана Паралимпиадага катыша турган улуттук курама команданын мүчөлөрүнө Мамлекеттик тууну тапшырды. Касым-Жомарт Токаев дүйнөнүн эң мыкты спортчулары күч сынаша турган Италиядагы дүйнө таймаштарын өзгөчө маанилүү окуя деп атады. Олимпиада оюндарына 40ка жакын спортчу катышат. Алар спорттун 10 түрүнөн жарышка түшөт. Кышкы Олимпиадага жолдомо алуу үчүн спортчулар көптөгөн сынактан өттү. Түрдүү эл аралык жарышта ийгиликтүү өнөр көрсөтүп, 17 алтын, 31 күмүш жана 21 коло медалга ээ болду. Жалган куран айынын башында Италияда өтө турган Паралимпиада оюндарына азырынча 10 лицензия бар. Президент жолдомо саны алдыда көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Мамлекет башчысы төрт жылда бир өтө турган олимпиадага казакстандык спортчулар жогорку деңгээлде даярданганына токтолуп, чыныгы мыктылар күч сынашаарын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Сиздер чеберчилигиңиздерди курчутуп, талыкпай эмгектендиңиздер. Ошонун аркасында дүңгүрөгөн таймашка катышууга мүмкүнчүлүк алдыңыздар. Олимпиада чемпиону болуу – ар бир спортчунун кыялы. Ушул максатка бир кадам  жакыныраак турасыздар. «Эл ишеними – эрге жүк» дейт элибиз. Багыңыздарды сынап, байге менен келесиздер деп ишенем. Бардык элибиз Сиздерге күйөрман, тилектеш болот. Баарыңыздарга ийгилик, жеңиш тилейм! Көк Туубуз ар дайым бийикте желбирей берсин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков