V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү белгилүү болду

Казакстандын борборунда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү белгилүү болду. Бул боюнча «Улуу Талаанын» мелдешин даярдоо жана өткөрүү дирекциясы эки тараптуу меморандум түздү. Ата мекендик белгилүү компания расмий башкы демөөрчү катары таанылды. Алар өз тарабынан 1 миллиард теңге бөлөт. Бүгүнкү күндө бул оюндарды уюштурууга бөлүнгөн каражат 5,7 миллиард теңгени түзөт. Эгерде демөөрчүлөрдүн каражатын кошкондо жалпы наркы 8 миллиард теңгеге жакын болору күтүлүүдө.

Абылай Кондыбаев, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү дирекциясынын мүдүрүнүн орун басары:

-Эң чоң сумма келе турган спортчуларыбызга, илимий долбоорлордун катышуучуларына, маданий долбоорлорго катышуучу чет элдик конокторго атайын билеттерди сатып алуу үчүн жумшалат. Андан сырткары, башкы демөөрчүбүз айткандай, акчанын бир бөлүгү улуттук кураманын формасына жумшалат. Ыктыярчылардын сунуштарынын негизинде дагы миң ыктыярчыга үч жүз волонтёрду кошуп жатабыз. Бул алардын кийим-кечеси жана транспорту үчүн колдонулат.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт, маданий жана илимий багытта өтөт. Спорттун 21 этникалык түрү боюнча жалпысынан 97 комплект медаль ойнотулат. Бул жолу аркан тартыш биринчи жолу мелдештин негизги программасына кирди.

Еркебулан Илиясов, жамбы атуу жана аркан тартыш федерацияларынын президенти:

-Биз бүгүнкү күндө жамбы атуу боюнча 4 стилден 15 мамлекетти, аркан тартыш боюнча 10 өлкөдөн спортчуларды чакырып жатабыз.  Спорттун ушул эки түрүн ала турган болсок, аркан тартыш боюнча биринчи орунду -алтын медаль, ал эми жамбы атуудан биринчи жана экинчи орундарды багындырабыз деген 99 пайыз үмүтүбүз бар.

Жалпысынан бүгүнкү күндө 90 өлкөдөн 2000ден ашык спортчу мелдешке катышуу ниетин билдирди. Либерия, Венесуэла, Ирландия, Доминикан Республикасы, Гамбия сыяктуу өлкөлөр сынакка биринчи жолу катышканы жатат.  Борбор калаада өткөн оюндарга Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы жана ЮНЕСКО колдоо көрсөтүп, ЮНИСЕФ расмий өнөктөш болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков