Казакстандын Зайсаң аймагында аэропорт курулушу башталды

Казакстандын Зайсаң аймагында аэропорт курулушу башталды

Казакстандын Зайсан шаарында жаңы аэропорттун курулушу башталды. Чыгыш регионундагы шаарда 34 миңден ашуун адам жашайт. Аэропорт Сатбай айылынан 25 чакырым алыстыктагы мурдагы аскердик аэродромдун базасында курулуп жатат. 184 жарым гектар жер аянты географиялык жайгашуусун, ошондой эле логистикалык жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен тандалган. Аэропортто узундугу 2200 метр болгон учуп-конуу тилкеси курулуп, андан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Азыр ал жакка каттам ачуу үчүн ATR-72  учагын алуу маселеси каралууда. Ошондой эле быйыл Чыгыш Казакстанда беш темир жол вокзалын оңдоо пландалууда. Президенттин тапшырмасы боюнча Зайсан менен катар Катон-Карагай жана Кендирли курорттук аймактарында да аэропорт салынууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков