Астанадагы Жеңиш күнүндө Мамлекеттик кеңешчи Советтер Союзунун Баатыры, Эл Баатыры жана жазуучу Бауыржан Момышулунун эстелигине гүл койду. Анын өмүр жолу патриотизмдин, ар-намыстын жана Мекенге жан аябастык менен кызмат кылуунун үлгүсү бойдон кала берет, деп баса белгиледи Ерлан Карин. Мамлекеттик кеңешчи казакстандык баатырлардын эрдиктери элдин эсинде түбөлүккө сакталаарын баса белгиледи. Ал мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдан баштап Сагадат Нурмагамбетов, Бауыржан Момышулы жана Рахымжан Кошкарбаевдин ысымдары «Айбын» ордени менен сыйланганын эске салды. Ал эми 2025-жылы, бештин айынын 24тү, Бауыржан Момышулунун туулган күнүнүн 115 жылдыгында, Казакстандын Президенти ага Эл Баатыры наамын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ерлан Карин, Казакстан
Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси:
– Жаңы жыл алдында Мамлекет башчысы Бауыржан Момышулыга «Эл Баатыры» наамын
ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Наам баатырдын тууганы Зейнеп апага
тапшырылды. Бул жыл тарыхый адилеттүүлүктүн жылы болуп калды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

