Казакстан глобалдык шаардык чакырыктарды чечүүдө өнөктөштүккө бекем. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Баку шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк урбанистикалык форумдун 13-сессиясында билдирди. Олжас Бектенов иш-чарага мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча катышты. Премьер-министр шаарлардын туруктуу өнүгүүсү бүгүнкү күндө комплекстүү мамилени, анын ичинде заманбап технологияларды колдонууну талап кыларын билдирди. Казакстан үчүн бул тема абдан актуалдуу. Республиканын калкынын 63% ашыгы азыр шаарларда жашайт. Өлкөнүн бардык аймактарындагы муктаждыктарга өз убагында жооп берүү үчүн урбанистикалык өнүгүү борборлору түзүлгөн. Шаардык өнүгүүнүн жаңы ыкмаларынын бири катары Alatau City долбоорун мисал келтирүүгө болот. Ал эл аралык инвестицияларды тартууга, заманбап башкаруу технологияларын жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган. Ошондой эле Олжас Бектенов Алматы шаарында түзүлгөн ЭСКАТОнун туруктуу өнүгүүсү үчүн Азия-Тынч океан аймагындагы санариптик чечимдер борборунун платформасында жасалма интеллект жаатында тажрыйба алмашууга Казакстандын даярдыгын айтты. Белгилей кетсек, форумдун алкагында Urban Expo көргөзмөсү өтүп, анда Казакстандын улуттук павильону көрсөтүлгөн. Экспозиция өлкөнүн туруктуу, ыңгайлуу жана экологиялык таза шаарларды өнүктүрүүгө болгон заманбап мамилесин чагылдырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

