Казакстандагы Сот реформасы Азербайжанда жогору бааланды. Астанада аталган өлкөнүн делегациясы иш сапары менен болду. Атап айтканда, сотторду сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана Казакстандын Жогорку Сот Кеңешинин ролун күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр кызыктырды. Жолугушуу учурунда судьяларды тандоо жана дайындоо чөйрөсүндөгү реформалар, алардын кесиптик ишине баа берүү талкууланды. Эки өлкөнүн Жогорку сот кеңештеринин ортосундагы кызматташтык маселелери да четте калган жок. Буга кошумча, өзгөчө көңүл сот өндүрүшүн санариптештирүүгө, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашууга бурулду. Мындай иштер Казакстан менен Азербайжандын мамлекеттик органдарынын ортосундагы байланышты жакшыртууга жана бекемдөөгө жардам берет.
Дмитрий Малахов, Жогорку сот кеңешинин төрагасы:
- Диалогго болгон өз ара кызыгуу жана ачыктык Сот
реформасы Борбор Азияда гана эмес, анын чегинен сырткары жерлерде да көңүл бурулуп жатканын ырастап турат.
Жогорку соттук кеңеш кызматташууга дайыма даяр жана ачык сот институттарын
андан ары өркүндөтүү үчүн эң натыйжалуу чараларды кабыл алуу аркылуу өз тажрыйбасы
менен бөлүшүүгө даяр.
Санан Гаджиев, Жогорку Соттун
жарандык коллегиясынын төрагасы, Азербайжан Республикасынын соттук-укуктук
кеңешинин мүчөсү:
- Казакстандын тажрыйбасы абдан кызыктуу жана мен
Казакстанга болгон ар бир сапарыбызда сот системасында жаңы реформаларды көрүп
жатканыбызга абдан кубанычтамын. Ал эми жолугушууда бизге маалым болгон акыркы
реформа абдан кызыктуу жана бул реформалар өздөрүнүн сунуштаган идеясына жетет
деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

