Казакстан Венеция биенналесинде өз павильонун таанытты

Казакстан Венеция биенналесинде өз павильонун таанытты

Казакстан абройлуу эл аралык искусство иш-чарасы - 61-Венеция биенналесине катышууда. Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигинин колдоосу менен улуттук павильон «Qoñyr: Тынчтык архиви» көргөзмө долбоору менен эл аралык көрүүчүлөргө сунушталууда. Ал фестивалдын негизги темасы «In Minor Keys» - «минор обондорунда» чагылдырат. Күрөң түс - казак элинин философиясында жөн гана түстүн белгисинен алда канча көптү билдирет. Анын метафоралык мааниси эс тутумду, маданий салттуулукту жана тарыхтын ички жаңырыгын заманбап искусствонун тили менен ачып берет. Куратор Сырлыбек Бекбота баштаган казакстандык 10 сүрөтчү бул теманы өз эмгектеринде кайрадан чечмелеп чыгышкан.

 

Сырлыбек Бекбота, улуттук павильондун куратору:

 

Бул Ардак Муканованын «Коңур Олуя» аттуу картинасы. Биздин тарыхый тажрыйбабызды, көчмөндөрдүн тажрыйбасын сезип, уламыштар жана ыйык жерлердин сүрөттөрү аркылуу түпкү тамырыбызга кайтууга шарт түзөт. Бул кайра ойлоо жана кайра жаралуу процессинин бир түрү. Башкача айтканда, рухий жайлардын ыйыктыгы аркылуу биз өткөнгө кирип, кайра жаралабыз, бул окуянын негизги баяны.

 

Иммерсивдик экспозиция конокторду акустикалык эффекттер, видеоинсталляциялар жана залдарга коюлган материалдык объектилер аркылуу талаа атмосферасына чөктүрөт. Аларга монументалдуу ат фигуралары, күүлөрдүн үнү жана талаа чөптөрүнүн жыты кирет. Бул абройлуу форумга катышуу Казакстанга өзүнүн мурасын дүйнөлүк маданий диалогго интеграциялоого мүмкүндүк берет, салттуу жана заманбап көркөм практиканын синтезин сунуштайт. Биенналеге келген ар бир конок бугу айынын 9нан жетинин айынын 22не чейин жергиликтүү чеберлердин жандуу сүрөттөрүн көрө алат.

 

Биз казак искусствосунун материалды руханий жана табигый элементтер менен терең философиялык түшүнүк менен гармониялуу айкалыштыруу жөндөмүнө ээ экенин көрдүк. Мен үчүн Казакстан - мындай сулуулукту табууга мүмкүн болгон өлкө. Көргөзмөгө коюлган чыгармалар өлкөнүн маданиятын, тарыхын, каада-салттарын жана заманбап искусствосун айкалыштырат. Бул жерде туулган жерге болгон сүйүү уникалдуу көркөм образдар жана материалдар аркылуу ачылат.

 

– Венеция биенналесинде Казакстандын павильонун сөзсүз көрүүгө болот. Бул жерден биз искусство менен маданияттын элдин жан дүйнөсүнө, инсандыгына кандайча кайрылганын көрөбүз. Анда таасирдүү кийиз инсталляциялары бар; менин оюмча, бул материал эки маанилүү элементти бириктирет: материалдык жана материалдык эмес мурас.

 

Мен жаңы эле Венециядагы Казакстан павильонуна бардым. Бул укмуштуудай тажрыйба болду. Мага мейкиндик жана көргөзмөгө коюлган көркөм чыгармалар менен болгон карама-каршылык абдан жакты. Павильондун борборундагы укмуштуудай инсталляция чындап эле таасирдүү. Мен ошондой эле бардык мейкиндиктерди кыдырып чыктым — мага абдан жакты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков