К. Токаев Балдар акыйкатчысынын отчётун укту

К. Токаев Балдар акыйкатчысынын отчётун укту

Бүгүн Мамлекет башчы Балдар акыйкатчысын кабыл алды. Динара Закиева мамлекет башчысына жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчёт берди. Ошентип, аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчүнө кирген мыйзамда чагылдырылган нормаларды иш жүзүндө ишке ашыруу жүрүп жатат.

Тактап айтканда, «111» Бирдиктүү байланыш борбору иштеп, мектептерде рэкетчиликке каршы KiVa программасы киргизилип, аяк оона айында коопсуздук боюнча сабактар ​​киргизилет. Отчётту уккандан кийин Касым-Жомарт Токаев балдардын жаракат алуусун жана кырсыктардын алдын алуу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Акыркысы өсүп келе жаткан муунга адамдык жана улуттук баалуулуктарды сиңирип, чыгармачылык жөндөмдү чыңдоону көздөйт. 

Динара Закиева, Балдар укуктары боюнча өкүл 

- Муну менен катар биз окуу-агартуу министрлиги менен биргеликте мектептерге бирдиктүү билим берүү программасын киргиздик. Ошондой эле, камкорчулук боюнча адистердин санын көбөйтүү боюнча да өкмөт менен иштешип жатабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков