Астана ушул айда бүткүл адамзат үчүн маанилүү багыттардын бири – медицинаны талкуулоо аянтчасына айланат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар жана жаңы тренддер «Нобель фест – 2024» иш-чарасынын өзөгүн түзөт. Бул негизги теманын алкагында тажрыйбалуу ата мекендик жана чет элдик серепчилер пикир алмашат. Чын куран айынын 27-28 аралыгында борборго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, ошондой эле, АКШ, Улуу Британия, Орусиядан алдыңкы адистер, дарыгерлер, илимпоздор, Нобель сыйлыгынын лауреаттары келет деп күтүлүүдө. Салттуу жолугушууда спикерлер Альцгеймер жана деменция сыяктуу татаал ооруларды дарылоонун жаңы ыкмаларын талкуулашат. Медицинада жасалма интеллектти керекке жаратуунун жолдору каралат. Эң татаал операцияларда хирург-роботторду колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү да көз жаздымда калбайт. Иш-чаранын максаты - дүйнөлүк заманбап медицинаны өркүндөтүү максатында заманбап технологиялар жана жаңы ыкмалар менен тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков