Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Казакстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана конституциялык реформаларды колдоду. Жазуу түрүндөгү декларацияга 22 депутат кол койду. Документте жалган куран айынын 15деги референдум институционалдык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жолунда маанилүү кадам болгону белгиленет. Декларациянын авторлору өлкөнүн мамлекеттик башкаруунун тең салмактуу моделин өнүктүрүү, жоопкерчилик механизмдерин бекемдөө, жарандардын конституциялык сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо кепилдиктерин күчөтүү багытындагы курсун оң баалашты. Мындан тышкары, декларацияда Казакстандын Европа Кеңеши менен өз ара аракеттенүүсү белгиленип, өлкөнүн демократиялык институттарды жана мыйзам үстөмдүгү принциптерин бекемдөө аракеттерин мындан ары да колдоого даяр экендиги билдирилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

