Чыгыш Казакстандагы жаңы литий кендерин чалгындоо үчүн инвесторлорду тартуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр аталган аймакты өнүктүрүү боюнча өткөн жыйында берди. Алихан Смаиловдун айтымында, учурда аталган аймакта мамлекеттин менчигинде турган литийдин 6 кени бар. Дагы чалгындалбаган кендер бар. Өкмөт башчысы электромобилдердин өндүрүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу литий металлын өнүктүрүү абдан маанилүү экенин айтты. Сейрек кездешүүчү металлдын негизги керектөөчүлөрүнүн бири Кытай жана Азиянын башка рыноктору аймакка жакын жайгашкандыгында. Белгилей кетсек, тоо кен-металлургия облуста өнөр жай өндүрүшүнүн 70%га жакынын түзөт. Ошондуктан жооптуу адамдардын алдында аталган тармактын башкаруу системасын тез арада жаңылоо милдети турат. Аймактын географиялык абалы транспорттук-логистикалык багытты өнүктүрүүгө ылайыктуу. Мындан да арттыруу максатында 768 чакырым Талдыкорган-Калбатау-Өскемен жана 415 чакырым Майкапшагай-Калбатау автоунаа жолдорун реконструкциялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Жакынкы аралыкта 195 чакырымдык “Өскемен-Семей” жана 130 чакырым “Өскемен-Орусия чек арасы” каттамдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков