Казакстан Иранга жыл сайын 100 миң тонна өсүмдүк майын экспорттойт. Эки өлкөнүн соода палаталарынын ортосунда бекитилген келишим Астанада өткөн бизнес-форумдун алкагында түзүлдү. Азыр Перс булуңунда бул өнүмгө суроо-талап жогору. Ирандын өзү дароо 300 миң тонна май сатып алууга даяр турат. Буга кошумча «Qaztrade» соода саясатын өнүктүрүү борбору менен Ирандын Соода-өнөр жай палатасы транспорттук коридор куруу тууралуу келишимге жетишти. Эми экспорттук товарлар ушул багыт аркылуу ташылат. Ошондой эле тараптар Батыш Казакстан облусунда мал терисин иштетүүчү комбинат, Алматыда сүт иштетүү заводун, Караганды облусунда жез өндүрүүгө убадалашты. Жалпы ишкердик жыйындын жүрүшүндө эки өлкө ишкерлери өз ара жалпы наркы 1 млрд долларды түзгөн документке кол койду.
Айтмуханбет Алдажаров, «Qaztrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрү:
- Биздин максатыбыз май жеткирүүдө дүйнөлүк алдыңкы үчтүккө кирүү. Экспорттук өнүм 1 млрд долларга чейин киреше алып келиши мүмкүн. Учурда бул көрсөткүч болжол менен 560 млн долларды түзөт.
Камран Хушьяр, Эл аралык транспорт-логистикалык компаниянын башкы мүдүрү:
- Биз өзүбүздүн вагондорду сатып алдык. Биз каалаган өнүмдү ушул вагондор аркылуу Ирандын Бендер-Аббас портуна жеткиребиз. Ал жактан контейнерге жүктөп, Африкага, Индонезияга, Шри-Ланкага, Перс булуңуна да жеткиребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

