Казакстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоону пландоодо

Казакстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлерин эвакуациялоону пландоодо

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоону пландоодо. Бул маселе жакынкы күндөрү чечилерин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. Ал ошондой эле ведомство учурда бул өлкөдөгү Казакстандын жарандарынын саны тууралуу маалыматты текшерип жатканын баса белгиледи. Белгилей кетсек, бир күн мурун Казакстандын Киевдеги элчилиги мекендештерге Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү, ошондой эле бардык коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштаган. Айбек Смадияровдун айтымында, азырынча казакстандыктардын эч кимиси эвакуациялоо өтүнүчү менен элчиликке кайрыла элек.

Айбек Смадияров, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:

- Биринчи эвакуацияда көбү кеткен, балким кээ бирлери кайтып келген, ошондуктан мен азыр так сан айта албайм. Элчилик дагы азыр иштеп жатат. Кеп элчиликти жабууда эмес, кеп биздин элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоодо. Бул маселе жакынкы күндөрү чечилет. Эвакуация толук болушу ыктымал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков